Марал Радиосу

Белгилүү актер Марат Жанталиев көз жумду

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, белгилүү актер Марат Жанталиев бүгүн, 59 жашында акка моюн сунду.

Маалыматка ылайык, актер бөйрөгүнөн жабыркап, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Белгилей кетсек, Марат Жанталиев 2017-жылдын 8-сентябрында премьерасы болгон Саякбай Каралаев фильминде манасчынын ролун жараткан. «Бопуш» деген ат менен таанылган Жанталиев көп жылдардан бери Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында эмгектенип келген.

Марал радиосунун эмгек жамааты актердун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтат.