Марал Радиосу

Орто-Сай базары дезинфекциялоо үчүн жабылат

Бишкектеги Орто-Сай базары дезинфекциялоо үчүн бир канча күнгө жабылат. Бул тууралуу Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда билдирди.

Буга чейин бир канча адам Орто-Сай базарынан коронавирус жуктуруп алганын айтып кайрылышкан.

Ал эми базардын кызматкерлери ал жер дезинфекциялангандан кийин кайра ачыларын айтышкан.

9-июнга карата Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 2055ке жетти. Алардын ичинде 403 медицианалык кызматкер бар. Пандемия башталгандан бери вирус жуктурган 1483 адам айыгып чыкты, 24 адам кайтыш болду.