Марал Радиосу

Ата мекендик жеке коргонуу каражаттары боюнча сапат стандарты иштелип чыкты

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык штабдын жыйынында ата мекендик жеке коргонуу каражаттарын чыгарууну тездетүү зарылдыгын айтты.

Учурда жеке коргонуу каражаттары боюнча сапат стандарты иштелип чыкты. Тийиштүү органдарга аны ишке ашыруу милдеттендирилди.

Ошондой эле «Чалдыбар — автожол» өткөрмө жайынан жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын тыкыр текшерүү тапшырмасы берилди.

Штабдын жыйынында эпидемиологиялык абал тууралуу да маалымат угулуп, оорунун белгилери жок, кайдан жуктурганы белгисиз жарандар күн сайын көбөйүп жатканын айтты.

«Бир жумада эле 31 адамда жуктуруу булагы белгисиз COVID-19 аныкталды. Алардын арасында шаардык базарлардын, банк кызматкерлеринин, ири цехтердин, бала бакчалардын кызматкерлери бар. Алар илдетти Бишкекте коомдук жайларда жуктурган деп болжолдоого болот. Беткап тагынуу,  социалдык аралыкты сактоо боюнча сунуштамаларга кош көңүл кароо кейиштүү кесепеттерге алып келүүдө», — деди Кубатбек Боронов.