“Жаңы дем” саясий альянсынын шайлоо алдындагы өнөктүгүн Жанар Акаев жетектей турган болду. Бул тууралуу аталган альянстын мүчөсү, КЛДП партиясынын тең төрагасы Сейтек Качкынбаев “Маралга” кабарлады.
Жанар Акаев парламентке өтө турчу фракцияга лидер болорун «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев маалымат каражаттарына билдирген.
Кыргызстанда 6 саясий партия бириккендигин жарыялады. Алар жаңы кыймылдын атын “Жаңы дем” деп аташты.
«Ата Мекен» партиясы «Жаңы дем» деген ураан астында күздɵгү Жогорку Кеңештин шайлоосуна катыша турганын билдирген.