Марал Радиосу

Ош мэриясынын аппарат жетекчиси Максатбек Зикиров каза болду

Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Максатбек Зикиров 56 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ал бүгүн, 8-июнда эртең менен оорудан улам ооруканада көз жумган.

Ош шаарынын мэриясы Зикировдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.