Кыргызстанда акыркы сутка ичинде коронавирус жуктуруп алгандардын бешөө медициналык кызматкерлер экени аныкталды.
Анын ичинен Бишкек шаарындагы медициалык мекемелерде -4 кызматкер, Чүй облусунда – 1 кызматкер илдетти жуктуруп алган.
Ошол эле учурда, 7 медициналык кызматкер айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Жалпысынан COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 400 учур катталды. Алардын ичинен 282 кызматкер оорудан айыгып чыккан.