Биз менен байланышыңыз

7-июнь: СOVID-19 инфекциясынын жаңы 33 учуру катталды

Кыска кабар | 7 Июн 2020 | 284 | 0

2020-жылдын 7-июнуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 33 учуру катталды. Бул тууралуу  Республикалык штаб кабарлады.

  • Бишкек ш. – 9
  • Чүй облусу — 3
  • Нарын облусу — 8
  • Ош ш. – 9
  • Ош облусу — 3
  • Жалал-Абад облусу — 1

«Бүгүн жаңы катталган 33 учурдун  26сы медициналык көзөмөлдө турган жарандардан аныкталды. Бир учур чет өлкөдөн келип, обсервацияда жаткан мекендешибизден тастыкталды. Калган 6 жарандын вирус жугузуп алган шарттары учурда тактала элек», — деди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Республика боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 2007ге жетти.

  • Стационарда – 560, алардын ичинен реанимацияда – 2
  • Ооруканадан чыгарылды – 1425
  • Каза тапты – 22

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM