Марал Радиосу

6-июнга карата 38 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда 6-июнга карата 38 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн онлайн жыйында билдирди.

Анын ичинде Бишкек шаарында — 9, Ош шаарында — 11, Ош облусунда — 2 учур, Нарын облусунда — 3, Чүй облусунда — 10, Баткен облусунда — 1 жана Жалал-Абад облусунда — 2 учур катталды. Ушуну менен коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1974 адамга жетти.

Бүгүн жаңы катталган 38 учурдун, 29у үй карантининде турган жарандардан, 3 учур чет өлкөдөн келгендерден аныкталды. Калган 6 учурдун вирус жуктурган булагы тактала элек, -деди Үсөнбаев.

Коронавируска чалдыккан 11 адамдын абалы оор, алардын ичинен эки киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. Учурда ооруканаларда 592 адам дарыланууда.

Илдеттен 1360 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган, 22 адам каза болду.