Марал Радиосу

Кыргызстанда 300дөн ашык интернет-дүкөн иштейт

Кыргызстанда 300дөн ашык интернет-дүкөн иштейт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев билдирди.

Электрондук төлөмдөр багытында 11 электрондук капчык иштеп жатат. Аларды колдонуучулардын саны 2 миллиондон ашты.

Республика боюнча 310дон ашык интернет-дүкөн иштөөдө.