Биз менен байланышыңыз

Aston Martin кызматкерлердин 1/5 бөлүгүн жумуштан бошотот

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Июн 2020 | 439 | 0

Спорттук унаа өндүргөн Aston Martin Lagonda Global Holdings компаниясы чыгымдарды кыскартуу жана кирешелерин кайтаруу максатында 500гө жакын жумуш орундарын кыскарат.

Компания муну менен учурдагы чыгымдарын жылына 10 миллион фунт стерлингге, өндүрүштүк чыгымдарын 8 миллион фунт стерлингге жана капиталдык чыгымдарын 10 миллион фунт стерлингге азайтарын белгилейт.

FactSet маалымдагандай, компанияда жалпы 2 миң 450 адам иштейт.

Мурда AMG компаниясын жетектеген Тобиас Морз өткөн жумада Aston Martin компаниясынын башкы директору болуп дайындалган.

Эскерте кетсек, Aston Martin 1913-жылы негизделген. Компания 1994-2007-жылдары Ford Motor Co. компаниясына таандык болгон жана азыркы учурда инвесторлордун консорциумуна таандык.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM