Марал Радиосу

Белоруссияда жаңы премьер-министр дайындалды

Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко Роман Головченкону жаңы премьер-министр кылып дайындады. Бир күн мурун Лукашенко өкмөттүн отставкага кеткенин жарыялаган.

Беларусь президенти жаңы өкмөттүн курамына кирбей турган көпчүлүк саясатчылар «жумушсуз калбай турганын» айткан.

—  Дагы бир жолу баса белгилегим келет, бүгүн жаңы өкмөткө кирбегендер жумушсуз калбайт, алар душман эмес, — деди Лукашенко.

Беларусь лидери 25-майда президенттик шайлоонун алдында жаңы өкмөт түзө тургандыгын жарыялаган. Кийинчерээк ал президенттик шайлоо алдында жана ал күнү аянттарга чыгууга жол бербей тургандыгын билдирген.

Эскерте кетели, Белоруссияда кийинки президенттик шайлоо 9-августка белгиленген.