Биз менен байланышыңыз

Бразилия коронавирус курмандыктарынын саны боюнча III орунда турат

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Июн 2020 | 412 | 0

Бразилияда коронавирус статистикасы өсүүдө. Латын Америкасындагы өлкөдө акыркы 24 саат ичинде бейтаптардын саны 30 миң 925 адамга, ал эми каза болгондордун саны 1 миң 473кө өстү.

Ошентип, Бразилияда коронавирус жуктурган жалпы адамдардын саны 614 миң 941ге жетти. Ал эми вирустун курмандыктарынын саны 34 миңден ашты.

Бразилия коронавирустан өлгөн адамдардын саны боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда. Биринчи орунда Италия турса, кийинки орунда АКШ турат.

Ошол эле учурда вирустан 255 миң бразилиялык айыгып чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM