Марал Радиосу

Жамил Шаршеналиев Конституциялык палатанын жаңы судьясы болуп шайланды

Бүгүн, 4-июнда, Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда Жамил Шаршеналиев Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы болуп шайланды. Анын талапкерлигин 60 депутат колдоду.

Ал эми добуш берүү жашыруун түрдө өттү. Андан кийин Жамил Шаршеналиев депутаттардын алдында ант берди.

Белгилей кетсек, 2-июндагы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында аталган кызматка Жамил Шаршеналиевдин талапкерлиги каралып, жактырылган.