Марал Радиосу

Лукашенко Белорусиянын өкмөтүн отставкага кетирди

Белорусиянын президенти Александр Лукашенко учурдагы өкмөттү отставкага кетирүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу  БЕЛТА агенттиги жазды.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча мамлекет башчысынын тиешелүү жарлыгы расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

3-июнда президент менен жолугушууда өкмөттүн жаңы курамын түзүү боюнча сунуштар талкууланды. Иш чарага Республикалык Кеңештин төрайымы Наталья Кочанова, Өкүлдөр палатасынын төрагасы Владимир Андрейченко, Президенттин Администрациясынын башчысы Игорь Серенкоенко жана Коопсуздук Кеңешинин катчысы Андрей Равков катышты.

Өкмөттүн учурдагы курамы олуттуу сынга алынган, аткаруу бийлигиндеги айрым кызмат орундарына жаңы талапкерлерди кароо сунушталган.

Жалпысынан алар алты ай мурун ырааттуу команда түзө башташкан. Өткөн жылдын аягында жана ушул жылдын башында кадрлардын бир катарын тандоо боюнча чечимдер кабыл алынган. Алар биринчиден экономикалык, экинчиден өкмөттөгү күч блогун жөнгө салууга багытталган.

Мындай кадрларды ротациялоо экономиканын жана улуттук коопсуздуктун чыңдалышына багытталган.

Лукашенконун өзү өкмөттүн учурдагы курамындагы адамдарга байланыштуу эч кандай даттануулары жок экендигин белгилеген.

Белорусиядагы президенттик шайлоо ушул жылдын 9-августуна белгиленди.