Биз менен байланышыңыз

Кытай Орусиянын жаңы өзөктүк саясатын түшүнүү менен кабыл алды

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Июн 2020 | 322 | 0

Кытай Орусиянын улуттук коопсуздук кызыкчылыктарын коргоо боюнча жаңы өзөктүк саясатына түшүнүү жана сый менен карай турганын маалымдады. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Чжао Лицзянь билдирди.

Шаршемби күнү орус лидери Владимир Путин Орусиянын өзөктүк куралдануу жаатындагы мамлекеттик саясатынын негиздери жөнүндө жарлыкка кол койду.

Документ Орусия кандай шартта өзөктүк сокку укугун сактай аларын, ошондой эле өзөктүк куралдар жаатындагы негизги коркунучтарды жөнгө салат.

«Кытай тарап бул документке көңүл бурду. Учурда эл аралык стратегиялык коопсуздук жаатында бир тараптуу аракеттер жана гегемония күчөп, күчтөрдүн глобалдык стратегиялык баланс жана стабилдүүлүгүнө олуттуу сокку урулду. Кытай тарап Орусиянын улуттук жана коопсуздук кызыкчылыктарды коргоо аракеттерин урматтайт жана түшүнөт», — деди Чжао Лицзянь.

Ал Кытай бардык тараптар менен стратегиялык стабилдүүлүктү коргоо, ошондой эле эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоо үчүн иштөөгө даяр экендигин баса белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM