Биз менен байланышыңыз

Twitter’дин директорлор кеңешинин төрагасы кызматтан кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Июн 2020 | 338 | 0

Twitter социалдык тармагынын башкармалыгынын төрагасы Омид Кордестани кызматтан кетти. Анын ордуна компаниянын башкы финансылык директору Патрик Пичетт дайындалды.

Пичетт өз билдирүүсүндө Кордестанинин эмгегин жогору баалап, компанияда 5 жыл иштеген мезгилинде Twitter жамаатынын туруктуу ишин камсыз кыла алгандыгын белгиледи.

Кордестани 2015-жылдан бери директорлор кеңешинин төрагасы болуп иштеп келген. Бирок ал башкармалыкта кала берет. Анын кетишинин себеби айтыла элек.

Компаниянын башкаруусунун өзгөрүшү Twitter’дин АКШ лидери Дональд Трамп менен мамилеси начарлагандан кийин башталды.

Май айынын аягында Трамп компанияны жаба тургандыгын, бирок юридикалык жол-жоболордон өтүшү керектигин айткан.  Трамп бул билдирүүнү социалдык тармактардын ишин жөнгө салган жарлыкка кол койгондон кийин жасады. Анын айтымында, социалдык тармактарда «көзөмөлсүз күч» пайда болду жана алар бул күчтү колдонуучулардын билдирүүлөрүн цензуралоо үчүн колдонушат.

Буга чейин Twitter Трамптын билдирүүлөрүнүн бирин калп бойдон сактай турган билдирүү катары аныкталган болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM