Биз менен байланышыңыз

Сузак – Жалал-Абад маршруттук каттамы жанданды

Кыска кабар | 2 Июн 2020 | 435 | 0

Райондор аралык каттамдардын ичинен Сузак–Жалал-Абад маршруттук каттамын жандандырууга уруксат берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов билдирди.

Анын айтымында, Жалал-Абад облусунда башка каттамдарга уруксат берилген жок.

«Учурда адамдар бири-бири менен байланышта көп болуп жаткандыктан, элге кайрылып кетет элем, көчөгө же коомдук жайларга чыкканда беткап кийип, жаныңыздарга антисептик каражатын ала жүрүп, медицина кызматкерлери койгон талаптарды толук аткарып берсеңиздер, биз бул илдетти жакынкы арада жеңип чыгабыз», — деп белгиледи Мирзахмедов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM