Марал Радиосу

Миллиардер АКШнын афро-америкалык калкы үчүн 14 трлн $ компенсация талап кылды

Миллиардер, Black Entertainment Television компаниясынын негиздөөчүсү Роберт Джонсон АКШнын афро-америкалык калкы башынан өткөргөн кулчулук үчүн компенсация талап кылды. Бул тууралуу CNBC кабарлады.

Миллиардердин айтымында, АКШ өкмөтү кулчулук мезгилинде келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 14 триллион доллар компенсация төлөп бериши керек.

Миллиардер мындай талап менен африкалык-америкалык Джордж Флойддун өлүмүнөн кийин жаралган нааразычылык акцияларында чыккан.

Джонсондун пикиринде, компенсация Вашингтонго зыян келтирбейт. Анткени бул америкалыктар афро-америкалыктарга келтирилген зыянды моюнга алышат. Компенсация «кара бизнести» өнүктүрүүгө сарпталат жана экономиканын өнүгүшүнө түрткү берет.

-Кулчулук доорунан бери 200 жыл өттү жана ага эч кандай компенсация төлөнө элек, — деди Джонсон.

Анын баамында, бүгүнкү күндө афро-америкалыктар каражаттын жоктугунан киреше жана байлык топтоо үчүн негизги кыймылдаткыч күч болгон билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн куру калышты.

Ал эми дагы бир афро-америкалык бизнесмен, Merck & Co фармацевтикалык компаниясынын башкы директору Кеннет Фрейзердин айтымында, өкмөт Джонсондун талабын канааттандырбайт. Ал афро-америкалыктарга бизнесмендер өздөрү жардам бере аларын айтты.

Роберт Джонсон 2001-жылы Black Entertainment Television’ды Viacom компаниясына саткандан кийин АКШдагы биринчи афро-америкалык миллиардер катары тарыхта калган.

Ал өзүнүн компаниясын саткандан кийин, The RLJ Cos инвестициялык компаниясын негиздеген. Бирок азыркыга чейин Джонсон Forbes тизмектеген миллиардерлеринин тизмесинде эмес.