Биз менен байланышыңыз

Дагы 28 адам коронавирус жуктуруп, 38 бейтап айыкты

Кыска кабар | 2 Июн 2020 | 675 | 0

Бүгүн, 2-июнга карата Кыргызстанда бир сутка ичинде 28 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кабарлады.

Бир күндө 2416 анализ жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 28 жаңы учур катталды. Ушуну менен илдетти жуктуруп алгандардын жалпы саны 1845ке жетти. Ошол эле учурда бир сутка ичинде 38 бейтап айыгып чыкты. Жалпы айыккандардын саны 1219га жетти.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча Ош шаарында 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми стационарлардан сутка ичинде 2 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 364 учур катталды, алардын ичинен 254 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 7 664.
Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 404 адам жатат.

Copyright © 2017 Maral FM