Марал Радиосу

Швейцария: Иш берүүчүлөр үйдөн иштегендердин батир акысын төлөп берет

Швейцарияда иш берүүчүлөр аралыктан иштегендердин ижара акысынын бир бөлүгүн төлөөгө милдеттендирилди. Бул тууралуу Swissinfo.ch жазат.

Маалыматка караганда, Лозаннадагы федералдык сот иш берүүчүлөрдөн жумушчу «үй кеңсеси» режиминде иштесе, турак-жайдын ижара акысынын бир бөлүгүн төлөп берүүгө милдеттендирди.

Мындай чечим эки бөлмөлүү батирдин ашканасын кеңсеге айландырууга мажбур болгон бухгалтердик фирманын кызматкеринин соттук доо арызын канааттандыруу учурунда кабыл алынды.

Иш берүүчү сотто кызматкер менен макулдашууда эч кандай материалдык компенсация каралган эместигин  билдирди. Бирок сот дагы эле кызматкердин тарабында.

Эми швейцариялык кызматкерлер эгерде жумуштан бошотулса, компенсация  алышат. Бир айлык компенсациянын суммасы 154 долларды түзөт.