Марал Радиосу

Бишкекте ысык суу бир айга токтотулду

Бүгүн, 1-июнда Бишкекте ысык суу өчүрүлдү. Тиешелүү буйрукка Бишкек мэри Азиз Суракматов кол койгон.

Мындай чечим жыл сайын болуучу профилактикалык иштерди жүргүзүү максатында жана кышка даярдануу үчүн кабыл алынган.

Ошол эле учурда шаардагы фонтандар иштөөгө даяр болуп, 1-июндан тарта иштей баштайт.

Ысык суу 1-июлга чейин өчүк болот.