Марал Радиосу

Кубатбек Боронов Баткендеги чыр чыккан жерге барды

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Баткен облусунун Кадамжай районуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кубатбек Боронов кыргыз-өзбек чек арасына чектеш аймакта чыккан окуя боюнча Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушуу өткөрөт.

Ошондой эле укук коргоо жана жергиликтүү бийлик органдарынын катышуусунда ыкчам кеңешме өткөрөт.

Учурда абал жөнгө салынганы кабарланды. Кыргыз өкмөтү коопсуздук чараларын күчөттү. Тиешелүү органдар жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.