Марал Радиосу

Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасы обсервацияга жабылды

Бишкек шаарындагы Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасы бейтап толуп калгандыктан обсервацияга жабылды. Бул тууралуу мекеменин башкы дарыгери Гүлжигит Алиев маалымат каражаттарына билдирди.

Анын айтымында, бейтаптарды кабыл алуу толугу бойдон токтотулуп, оорукана учурда обсервациялык тартипте гана иштеп баштаган.

Учурда бул ооруканада жалпысынан 400дөн ашуун адам көзөмөлдө жатат.

Кыргызстанда COVID-19га чалдыккандар башкаларга жугузган учурлар көбөйө баштады.

Кыргызстанда 30-майга карата коронавируска чалдыккандардын саны жалпысынан 1722ге жетти. Алардын ичинен 16 бейтап кайтыш болгон. 1113 бейтап айыккан.