Марал Радиосу

Кыргызстанда “Асырап алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр порталы” түзүлдү

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги “Асырап алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр порталын” ишке киргизди. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлайт. Анда бул жаатта иштин ачык-айкындыгын камсыз кылууга, ошондой эле бала асырап алуу маселелеринде коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга багытталган иштерге өзгөчө көңүл бөлүнөт. Президенттин Жарлыгында асырап алуу чөйрөсүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу белгиленген.

Министрлик бул багыттагы милдеттерди ишке ашыруу жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды асырап алуу боюнча кызматтарды сапаттуу көрсөтүү, балдар жөнүндө маалыматка жетүү жана балдарды тандоо жана асырап алуу жол-жобосунун ачыктыгын камсыздоо максатында аталган порталды ачкан.

Иштелип чыккан “Асырап алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр порталы” сайтта https://mlsp.gov.kg шилтеме боюнча жайгаштырылган.

Портал бала асырап алууну каалагандар пайдалануусу үчүн ыңгайлуу болгон жаңы электрондук система болуп саналат. Анда камкордуксуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкында катталган, жынысы, курагы жана улуту боюнча статистикалык маалыматтар жайгаштырылат. Бала асырап алууну каалаган жаран үйүнөн чыкпастан эле электрондук форматта Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө арыз бере алат.

Баланын белгиленген критерийлерге ылайык, жаран асыроочулардын талапкер статусун алгандан кийин балдардын маалыматтарын республика боюнча ала алат. Белгилей кетчү нерсе, мурда аймактык башкармалыктар өзүнүн районунда гана катталган балдар жөнүндө маалыматтарды берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Эми система республика боюнча бардык балдар тууралуу маалыматтарды берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Бала менен жолугушууга каалоосун билдирген учурда, портал автоматтык түрдө бала менен жолугушууга багыттаманы түзөт. Портал автоматтык түрдө талапкердин баланы асырап алуу жөнүндө оң чечиминин жыйынтыгы боюнча 24 сааттын ичинде болжолдуу камкорчулук/асырап алуу жөнүндө буйрук түзөт.

Порталда төмөнкү процесстер каралган:

—  асырап алуучу болууга талапкер катары арыз берүүнүн электрондук формасы;

— асырап алуучу талапкердин бүткүл республика боюнча баланы издөө процесси;

— асырап алуучу талапкердин бала менен жолугушууга электрондук арызын бериши;

— асырап алуучу талапкерлердин бала менен жолугушуусуна жолдомону электрондук калыптандыруу;

— жолугушуунун натыйжаларын онлайн толтуруу;

— асырап алуу үчүн электрондук макулдугун алуу.