Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 28-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош облусунун кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда:
түнкүсүн: 13…..18.… күндүз: 26……..31°
Талас облусунда:
түнкүсүн: 11…..16.….күндүз: 26………31°C
Жалал-Абад жана Ош облустарында:
түнкүсүн: 17……22….күндүз: 29……..34°
Баткен облусунда:
түнкүсүн: 17……22….күндүз: 29………34°C
Ысык-Көл облусунда:
түнкүсүн: 8……13.….күндүз: 21……..26°C
Нарын облусунда:
түнкүсүн: 5……10…..күндүз: 24.……29°C
28-майда Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 15…….17°C, күндүзү 29………31°C.