Марал Радиосу

Нургазы Айдаров Жогорку Кеңешке депутат болуп келди

Бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңеште жаңы депутат болгон Нургазы Айдаров ант берди. Нургазы Айдаров «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиевдин ордуна келди. Масалиев 21-майда мандатын тапшыра турганын жарыялаган.

Эскерте кетсек, Нургазы Айдаров «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Салайдин Айдаровдун бир тууганы.