Марал Радиосу

Өз алдынча дарылануу оор кесепеттерге алып келет (видео)

Өз алдынча үйдөн дарылануу аянычтуу кесепеттерге алып келет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кабарлады.

Анын айтымында, калк арасында өз алдынча дарыланып жаткан учурлар кездешүүдө.

Өз убагында дарыгерге кайрылбай, ар кандай булактардан кеп-кеңеш угуп, үйдөн дарылануу туура эмес. Себеби илдет кабылданып, күчөп кетет. Мындан улам, реанимацияга жаткандар да бар. Кандайдыр бир оорунун белгилери чыга турган болсо, сөзсүз медициналык мекемеге кайрылуу зарыл, — деди Нурболот Үсөнбаев.