Марал Радиосу

Коронавирустан өз алдынча дарылануу оорунун күчөшүнө алып келүүдө

Коронавирустан өз алдынча дарылануу фактылары анын күчөп кетишине алып келүүдө. Бул тууралуу Саламаттыктыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндөгү онлайн маалымат жыйынында билдирди.

-Биз коронавирустан каза болгондордун анализдерин карап, талдап чыкканда учурда оор абалда тургандардын көбү өз алдынча дарыланып, ооруну күчөтүп алгандар экенин байкадык. Көпчүлүк жарандар үйгө жатып, өз алдынча дарыланып жатышат. Бул илдеттин күчөп кетишине алып келүүдө. Ар кандай чөптөрдүн кайнатмаларын, дарыларды ичип, туура эмес кеп-кеңештерди уккандары да бар. Мындай учурлар медициналык кызматкерлердин арасында да жок эмес. Оорунун белгилери байкалганда эле дарыгерлерге кайрылыңыздар, -дейт Үсөнбаев.

үгүн, 27-майга карата Кыргызстанда бир сутка ичинде 52 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ушуну менен илдетти жуктуруп алгандардын жалпы саны 1520га жетти. Ошол эле учурда бир сутка ичинде 28 бейтап айыгып чыкты. Жалпы айыккандардын саны 1043кө жетти.