Марал Радиосу

Масалиевдин ордуна жаңы депутат келди

Бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңеште жаңыдан депутат болуп келген Нургазы Айдаров ант берет. Бул тууралуу парламенттин расмий сайты кабарлады.

Нургазы Айдаров “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиевдин ордуна келди. Масалиев 21-майда мандатын тапшыра турганын жарыялаган.

Нургазы Айдаров «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Салайдин Айдаровдун бир тууганы.