Чүйдүн Ивановка айылында азык-түлүк саткан дүкөн толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Кырсык кечээ, 25-майда, саат 14:16тө катталган. Ысык-Ата районунун Ивановка айылынын Г.Ильин көчөсүндөгү “Амина” дүкөнүнөн өрт чыгып, жалпы аянтты 200 чарчы метр болгон дүкөн толугу менен күйүп кеткен.
Учурда өрттүн себеби такталууда.