Марал Радиосу

Баткенде бир миллион сомдук аткезчилик жол менен ташылып келинген өрүк кармалды

1 млн 205 миң 820 сомдук аткезчилик жол менен ташылып келинген товар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Баткен бажысынын кызматкерлери Баткен областында “М.И.И.”, аттуу Кыргызстандын жаранынын башкаруусундагы “Volvo FH12” үлгүсүндөгү таранспорт каражатын чиркегичи менен токтотуп текшеришкен.

Транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы 18 тонна 560,5 кг, желим ящиктерге салынган өрүк табылган. Кармалган товардын орточо базар баасы 1205820 сомду түзөт.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.