Марал Радиосу

Өзбекстанда вирус жуктургандардын саны 3078ге жетти

Өзбекстанда акыркы бир суткада 42 адамда коронавирус аныкталып, жалпы вирус жуктургандардын саны 3078ге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин күнүмдүк отчетуна таянып, жергиликтүү басылмалар жазды.

— Өзбекстанда 23-майда саат 10:00 карата коронавирустук инфекциянын саны 3078ге (+42) жетти, — деп айтылат билдирүүдө.

Жаңы катталган жаңы учурлардын баары чет өлкөдөн келген жарандардын арасында аныкталган. Атап айтканда, Санкт-Петербургдан чартердик рейс менен келгендерден (38 адам) жана Тажикстандан келген (2 адам), ошондой эле Казакстан аркылуу кирген эл аралык аралык жүк ташуучу унаалардын 2 айдоочусунда инфекция аныкталып, карантин борборлоруна жайгаштырылган.

Өлкөдө жалпы 2492 адам коронавирустук инфекциядан толук айыгып чыккан. Учурда Өзбекстанда 573 бейтап дарыланып жатат. Алардын ичинен 4 кишинин абалы оор.

Ошол эле учурда өлкөдө 13 жаран коронавирустан каза тапкан.