Биз менен байланышыңыз

Омошов: Мамлекет базарга акча киргизиши керек

Кыска кабар , Пикирлер | 22 мая 2020 | 727 | 1

Мамлекет базарга акча киргизиши керек. Мындай пикирин JIA Бизнес-ассоциациясынын төрагасы Жоодар Омошов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жумушсуздукту чечүү — жумуш берүүчүлөрдүн биринчи көйгөйү. Жумуш берүүчүлөр кызматкерлерди этап-этабы менен кайра жумушка алышы керек. Бирок рынок кайра жандануусу үчүн акча керек. Ансыз сатып алуулар болбойт. Демек, мамлекет базарга акча киргизиши зарыл.

«Мамлекет резервдик фонддогу 2,3 млрд долларга жакын каражаттын жок дегенде 400 млн долларын рынокко чыгарышы керек эле. Ал акча ушундай кырдаалда колдонулбаса, кыяматта пайдаланылабы? Экинчиден, мамлекетке тиешелүү узун мөөнөттүү жумуштарда кадрларды оптимизациялоо зарыл. Мамлекеттик кызматта иштеп, эч кандай пайдасы тийбеген кишини эмне үчүн ишкерлер мойнуна көтөрүп жүрүшү керек?»  — деди Омошов.

Анын пикиринде, мамлекет аткезчилик маселесин чечиши кажет. Өкмөт каражатты сырттан издеп жүрөт, бирок акча мамлекеттин ичинде да бар. Аткезчилик жоюлганда гана мамлекетке көп киреше түшөт. Аны ишке ашырбай туруп, эч кандай реформадан кеп кылбоо керек.

«Ак иштеп жүргөн ишкерлердин сабыры да белгилүү жерге чейин. Бир күнү чет өлкөгө кетип калышы мүмкүн», — дейт ал.

Copyright © 2017 Maral FM