Марал Радиосу

Чет өлкөдө жүргөн 154 кыргызстандык коронавирус жуктуруп алган

Бүгүнкү күндө чет өлкөдө жүргөн 154 кыргызстандык коронавирус инфекциясын жуктуруп алган. Бул тууралуу Штаб жыйынынын жүрүшүндө тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди.

Абдрахманов маалымдагандай, Орусияда 105 адам COVID-19 дартына чалдыккан, Бириккен Араб Эмиратында – 7 адам болсо (5 дарыланып чыккан), Пакистанда – 22 (бардыгы ооруканадан чыккан), Индияда – 7 (1 киши каза болгон, 6 ооруканадан чыгарылган), Испанияда – 1 (ооруканадан чыккан), Малайзияда – 3 (ооруканадан чыккан), Америка Кошмо Штатында – 1 (айыгып чыккан), Өзбекстанда — 1, Грецияда — 1 (ооруканадан чыккан), Казакстанда – 5 (4 — Бишкекте, 1 –Алматыда дарыланууда), Италияда 1 адам бар.

Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1350 адамга жетти. Алардын ичинен 949 бейтап сакайып, 14 адам каза болду.