Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда коронавирус жуккандардын саны 3006га жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 22 мая 2020 | 103 | 0

22-май саат 10:00гө карата Өзбекстанда коронавирус инфекциясы менен ооруган адамдардын саны 3006га (+39) жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянып, жергиликтүү басылмалар жазды.

Ыкчам тастыкталган жаңы учурлардын ичинен 5 адам карантинге алынган жарандардан, алтоо чет өлкөдөн келген жарандардан, 28и калк арасынан табылган.

Калк арасында аныкталган учурлардын 13ү Самарканд шаарында, 15и Навои облусунда катталган.

Аталган бейтаптар менен байланышта болгон жарандардын бардыгы белгиленген тартипте катуу карантинге алынды.

Учурда өлкөдө 2407 жаран коронавирустук инфекциядан толук айыгып,  586 бейтап дарыланып жатат. Алардын ичинен 4 кишинин абалы оор деп бааланууда.

Ошол эле учурда корнавирустан 13 киши каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM