Марал Радиосу

Ала-Бука айылында турак үйдөн өрт чыкты

21-майда саат 22:31 чамасында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ала-Бука айылында Ибрагимов көчөсүндө турак үйдө өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Өрттүн кесепетинен турак үйдүн 36 чарчы метр пластик шыбы, 2 даана эшик, 2 даана терезе жана үй буюмдары күйгөн.

Өрттүн себеби такталууда.