Биз менен байланышыңыз

АКШ: Коронавирустун курмандыктарын эскерүүдө желектер 3 күн бою түшүрүлөт

Дүйнө , Кыска кабар | 22 мая 2020 | 544 | 0

АКШда 3 күн бою коронавирустун курмандыктарын эскерүү үчүн желектер түшүрүлүп турат. Бул тууралуу президенти Дональд Трамп Твиттердеги баракчасына жарыялады.

-Мен жакынкы 3 күндүн ичинде коронавирустун айынан каза болгон бардык америкалыктарды эскерүү үчүн федералдык имараттарда жана улуттук жайларда желектерди түшүртөм, — деп жазган Трамп өз билдирүүсүндө.

Желектер АКШда 25-майда, Согуш курмандыктарын эскерүү күнүндө да  түшүрүлөт.

Акыркы маалыматтар боюнча, АКШда коронавирустан каза болгондордун саны 96 миңден ашты.

Copyright © 2017 Maral FM