Марал Радиосу

Түркия Өзбекстанга 50 өпкөгө жасалма дем алдыруучу аппарат жөнөттү

21-майда Түркия өкмөтү Өзбекстанга «Uzbekistan Airways» чартердик рейси менен гуманитардык жардам жибергендигин «Dunyo» маалымат агенттиги жазды.

Гуманитардык жардам Түркияда өндүрүлгөн 50 өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттан турат.

Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы, профессор Селами Кылыч Түркия өзүн мындай аппаратка болгон муктаждыктарын толук камсыздай элек болсо да, боордош өлкө катары Өзбекстанга тиешелүү медициналык шаймандардын партиясын бергенин белгилеген.

Адистердин айтымында, Түркияда өндүрүлгөн аппараттар башка аналогдорго салыштырмалуу кыйла атаандаштыкка жана жогорку сапатка ээ.