Марал Радиосу

Turkish Airlines 10-июнда эл аралык каттамдарын жандантат

Turkish Airlines авиакомпаниясы 10-июндан баштап эл аралык каттамдарды кайрадан улантат. Бул тууралуу компаниянын директорлор кеңешинин төрагасы Илкар Ойжи билдирди.

Анын айтымында, ички каттамдар 4-июнда, ал эми эл аралык каттамдар 10-июнда башталат.

Бирок жүргүнчүлөр учакка кол жүгүн алып кире албайт. Жүктүн бул түрүнө каралган 8 кг салмак кампа жүгүнө кошулат. Салондо баштыктарга гана уруксат берилет.

Ушул тапта Түркияда коронавирусту жуктурган адамдардын саны 152 миңден ашуун, ал эми каза болгондордун саны 4222 адамга жетти.