Марал Радиосу

Айрым документтердин мөөнөтү убактылуу узартылды (тизме)

Ушул жылдын 1-январынан 30-декабрга чейин мөөнөтү өтүп кеткен паспорттордун жана чет элдик жарандардын, жарандыгы жок жактардын каттоо мөөнөтү убактылуу узартылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Кыргызстандын жарандарын, чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок жактардын мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо максатында, ошондой эле калктын саламаттыгын сактоо, республиканын аймагына коронавирус инфекциясынын жайылышын болтурбоо жана киргизилишин алдын алуу боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуу үчүн 19-майдан Өкмөттүн №256 токтому менен төмөнкү документтердин жарактуу мөөнөтүн убактылуу узартууга уруксат берилди:

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын аймагында азыр дагы өзгөчө кырдаал режими жана айрым жерлерде карантиндик режим күчүндө турат. Буга байланыштуу COVID-19 вирусунун жайылуу тобокелчиликтерин минималдаштыруу жана КТБларда, паспорттук бөлүмдөрдө адамдардын топтолушун болтурбоо максатында, жарактуу мөөнөтү өтүп кеткен паспортторду жана чет элдик жарандарды жана жарандыгы жок жактарды каттоону узартуу чечими кабыл алынды. Мында каттоонун мөөнөтү өтүп кеткендиги үчүн айыптар көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин чегерилбейт.