Марал Радиосу

Оренбургдан 164 кыргызстандык учуп келди

20-майда «Тез Джет» авиакомапаниясы менен Оренбург-Бишкек чартердик каттамы аркылуу 164 кыргызстандык өлкөгө кайтарылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Кыргызстанга келген бардык жарандар обсервацияга жайгаштырылды.

Бул рейс Кыргызстан менен Орусиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашуусунун негизинде ишке ашырылды.