Марал Радиосу

Бишкекте санитардык талаптарды сактабаган ишкерлерге 655 миң сомдук айып салынды

Бишкекте ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан ишкерлерге санитардык талаптарды сактабагандыгы үчүн 655 миң сом айып салынды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы 19-майда билдирди.

Ишканаларды жөө жүрүп текшерүү райондук акимчиликтердин кызматкерлери, борбордогу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, Ички иштер башкармалыгынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Бишкек шаардык мэриясынын Санитардык жана экологиялык инспекциясынын (СЭИ) кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт.

Маалыматка ылайык, 19-майда аталган текшерүүчү топ 4 миңге жакын ишкананы текшеришкен. 8 күндүн ичинде 212 протокол түзүлүп, 467 миң сом өлчөмүндө айыппул салынды:

  • Биринчи май районунда 27 протокол түзүлүп, 67 миң сомдук айып салынды;
  • Ленин районунда 42 протокол түзүлүп, 102 миң сомдук айып саланды;
  • Свердлов районунда — 125 миң сомдук 33 протокол түзүлдү;
  • Октябрь районунда — 28 протокол түзүлүп, 70 миң сомдук айыппул салынды.

Ошондой эле, 7-майдан 14-майга чейин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан 103 миң сомдук суммадагы 82 протокол түзүлгөн.

Кошумчалай кетсек, Бишкек шаардык мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы көпчүлүк ишканаларды айыпка жыгып, 188 миң сом сумма өлчөмүндөгү 46 протоколду түзүлгөн.

Exit mobile version