Марал Радиосу

Соль-Илецктен келген 51 адам Таласта обсервацияга алынды

Орусиянын Соль-Илецк шаарынан келгендерден 51 адам 18-майда Талас облусуна келери менен Талды-Булак постунан обсервацияга алынды. Алардын ар биринен буга чейин 2 жолу ПЧР-анализ алынып, “таза” деген жыйынтык чыккан. Бирок коопсуздук үчүн келген 51 адам Кара-Буура жана Бакай-Ата райондорунда уюштурулган обсервацияларга жайгаштырылды. Алардан кошумча ПЧР-анализдер алынып, обцервацияга дагы 5 күн жаткырылат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Ал эми социалдык түйүндөрдөгү “бийлик өкүлдөрү обцервацияга алынгандарды уруп-сабады” деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Тескерисинче, сырттан келген адамдар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө баш ийбей бир топ кыйынчылыктарды жараткан. Түшүндүрүү иштеринен кийин 51 адам жергиликтүү бийликтин талаптарына макул болду.