Марал Радиосу

21-майдан уруксат берилген ишмердүүлүктөрдүн түрлөрү (тизме)

Карантин учурунда уруксат берилген экономикалык ишмердүүлүктөрдүн тизмеси төмөнкүлөр:

21-майдан баштап ишмердүүлүгүн жанданта тургандар:
— Калкты тейлөө борборлору, паспорттоштуруу жана ЖААК бөлүмдөрү, “Унаа” Мамлекеттик мекемеси;

— Калкты тиричилик жактан тейлөө борборлору: бут кийим, саат оӊдоо, эмерек чогултуу жана оӊдоо;

— Соода-сатык чөйрөсү:

— Соода борборлору, соода-оюн-зоок борборлорунда жайгашкан балдар оюн-зоок жайларынын, оюн аянтчаларынын, коомдук тамактануу (фуд-корт) түйүндөрүнүн ишмердүүлүгүн кошпогондо;*

— Азык-түлүк эмес товарларды сатуу дүкөндөр жана пункттар (мурунку баскычтарга кирбеген түрлөр);

— автоунаа базарлары;

— мал базарлары.

— Менчик (жеке) репетиторлордун кызмат көрсөтүүлөрү;

— Менчик үй-бүлөлүк мончолордун жана СПА-борборлордун кызмат көрсөтүүлөрү, коомдук мончолорду жана сауналарды кошпогондо;*

— Мейманканалардын ишмердүүлүгү, бассейндерди жана спортзалдарды кошпогондо.