Марал Радиосу

Былтыр чет өлкөдө абакта отурган 144 кыргызстандык экстрадицияланды

2019-жылы чет жерде абакта отурган 144 кыргызстандык экстрадицияланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер комитетинин жыйында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

Комитеттин жыйында депутат Жыргалбек Турускулов былтыр чет жерден камакта отурган канча жаран экстрадицияланганы тууралуу сурады.

2019-жылы сыртта жазаларын өтөп жаткан 144 жаран алынып келди. Биз ар бир кайрылууну мыйзам чегинде карап, жарандарды алып келүү боюнча иш алып баруудабыз, — деди Жамшитов.