Биз менен байланышыңыз

АКШнын башкы прокурору Apple компаниясын айыптады

Дүйнө , Кыска кабар | 19 мая 2020 | 442 | 0

АКШнын башкы прокурору Уильям Барр Apple компаниясын Орусия жана Кытай менен кызматташууга айыптады. Анын айтымында, бул мамлекеттер жарандарды көзөмөлдөө максатында компания менен келишип алышкан.

Барр ФБР Флорида штатындагы авиабазада 2019-жылдын декабрында кол салуу уюштурган саудиялык Мухаммад аль-Шамранинин телефонуна кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло аларына токтолгон.

Телефон аркылуу алынган маалыматтар кол салуу террористтик максатта жасалганынан кабар берет.

Apple компаниясы АКШнын агенттиктерине колдонуучулардын түзмөктөрүнө туруктуу негизде кирүүгө уруксат берүүдөн баш тартты. Бирок тергөө ишинин алкагында кызматташууга макул болду.

«Apple компаниясы Кытайдын Коммунисттик партиясы жана Орусия менен биргелешип, аталган өлкөлөрдүн өкмөттөрү кеңири масштабдуу көзөмөл жүргүзүү үчүн маалымат борборун көчүрүүнүн үстүнөн иштегени тууралуу көптөгөн маалыматтар бар», — деди Барр маалымат жыйынында.

«Биз Apple компаниясынан эч кандай жардам алган жокпуз. Мындай компаниялар маалыматтарды толук чечмелөө,  купуялуулук укугу жана алардын бизнес кызыкчылыктары жөнүндө сөз болгондо авторитардык режимдер менен кызматташууга даяр. Apple өзүнүн маалымат борборлорун Кытай менен Орусияга көчүрүп, Кытай Коммунисттик партиясынын жана Орусиянын режимин көзөмөлдөөнү уюштурууга жардам берди», — деп кошумчалады башкы прокурор.

Баррдын айтымында, компания коррупцияга каршы активисттер колдонгон мүмкүнчүлүктөрдү жана программаларды токтотту.

Apple авторитардык мамлекеттер менен кызматташууга даяр болсо, мыйзам үстөмдүк кылган жана кол тийбестик,  жарандык эркиндиктер сакталган мамлекеттер менен кызматташуудан баш тартса, анда эч кандай актап болбойт.

Apple кызматташуудан баш тарткандыктан ФБР Аль-Шамранинин телефонундагы маалыматтарды алуу үчүн 4 айдан ашык убакыт сарптаган.

Компания өз кезегинде Флоридадагы кол салуудан кийин ФБРге бардык маалыматты берип, тергөө менен кызматташканын белгилейт.

Apple ФБР жана башка укук коргоо органдары менен тыгыз иштешүүнү улантып жатканын айтат.

Copyright © 2017 Maral FM