Өзбекстанда 19-майга карата коронавирус жуктургандардын саны 2800дөн ашты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин күнүмдүк отчетуна таянып, жергиликтүү басылмалар жазды.
— Өзбекстанда 19-майда саат 10.00гө карата коронавирустук инфекциянын саны 2802ге (+11) жетти, — деп айтылат билдирүүдө.
Тастыкталган жаңы учурлардын ичинен 10у чет өлкөдөн келген жарандарда аныкталган. (7 жаран Орусиядан келген, 3 адам — эл аралык жүк ташуучу унаалардын айдоочулары), 1 адам — карантинге алынган.
Учурда өлкөдө 2314 жаран коронавирустук инфекциядан толук айыгып, 475 бейтап дарыланып жатат, алардын ичинен 6 кишинин абалы оор.
Ошондой эле, өлкөдө коронавирус пайда болгондон бери 13 киши аталган илдеттен каза болгон.