Марал Радиосу

Өзбекстанда вирус жуктургандардын саны 2800дөн ашты

Өзбекстанда 19-майга карата коронавирус жуктургандардын саны 2800дөн ашты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин күнүмдүк отчетуна таянып, жергиликтүү басылмалар жазды.

Өзбекстанда 19-майда саат 10.00гө карата коронавирустук инфекциянын саны 2802ге (+11) жетти, — деп айтылат билдирүүдө.

Тастыкталган жаңы учурлардын ичинен 10у чет өлкөдөн келген жарандарда аныкталган. (7 жаран Орусиядан келген, 3 адам — ​​эл аралык жүк ташуучу унаалардын айдоочулары), 1 адам — ​​карантинге алынган.

Учурда өлкөдө 2314 жаран коронавирустук инфекциядан толук айыгып, 475 бейтап дарыланып жатат, алардын ичинен 6 кишинин абалы оор.

Ошондой эле, өлкөдө коронавирус пайда болгондон бери 13 киши аталган илдеттен каза болгон.