Марал Радиосу

Обсервациядагы жаңжал. Мыйзамды сактабагандар жазаланат

“Манас” аэропортундагы мурдагы АКШнын «Ганси» аскердик базасындагы  “Семетей” обсервациясында жаткан бир топ адам чогулуп жаңжал чыгарып, чыгарууну талап кылышкан видео «Короче» Telegram каналына жарыяланды.

Учурда аталган обсервацияда Соль-Илецкиден алып келинген 432 мигрант жайгаштырылган. Алар «вирус жуктуруп алып, Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасында жаткан бейтаптарды үй карантинине чыгарып жатышат» деген туура эмес маалыматты угуп, башкаларын дагы коё берүүнү талап кылып чыгышкан.

Учурда аларга Саламаттык сактоо министрлиги менен Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тактоо жана түшүндурүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Эгерде алар коюлган талаптарды аткарбай, ар түрдүү мыйзам бузууга барышса, анда Кыргызстандын тиешелүү мыйзамынын негизинде жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү брифингде ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди.

Учурда Соль-Илецкиден алып келинген 541 мигранттын ичинен 101инен коронавирус аныкталды.

Exit mobile version