Марал Радиосу

Кытайда бир суткада 7 адамда коронавирус аныкталды

Акыркы суткада Кытайда 7 адамда коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда өлкөнүн Саламаттыкты сактоо маселелери боюнча мамлекеттик комитетке таянып эл аралык басылмалар жазды.

Комитеттин маалыматы боюнча, жаңы катталгандардын төртөө сырттан келгендер. Ал эми калган учурлар Цзилинь провинциясында жана Шанхай шаарында катталды.

Акыркы маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө Кытайда коронавирус жуктургандардын саны 82 954 адамга жетти. Алардын ичинен 78 227 бейтап айыгып, 4633 адам көз жумду.

2019-жылдын 31-декабрында Кытай бийлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Ухань шаарында (Хубэй провинциясы) белгисиз пневмониянын келип чыгышы жөнүндө маалымдаган. Адистер бул ооруну козгоочу жаңы коронавирус экендигин аныкташып, кийинчерээк ал расмий түрдө COVID-19 деп аталган.

11-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту пандемия деп жарыялады.

29-мартта Кытайдын саламаттыкты сактоо комитети жалпы өлкөдө эпидемиянын жайылышы токтоп калганын айтып, вирусту жеңгенин жарыялаган.

Exit mobile version